Өгөй атасы тарабынан зордук зомбулукка кабылган 6 жашар бала тайэнесинин колунда

Сокулук районундагы жашы жете элек бала өгөй атасы тарабынан зордук зомбулук көрсөтүлгөн фактысы тууралуу тергөө иш-чаралары улантылып жаткандыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги  билдирет.

Бүгүнкү күндө бала Ат-Башы районунда тайэнесинин колунда.

Ат-Башын районунун мамлекеттик администрациясынын чечими менен бекитилген баланы коргоо боюнча жеке иштөө планына  ылайык, балага медициналык-психологиялык жардам, ошондой эле гуманитардык жана материалдык жардам көрсөтүлүп жатат.

Мындан тышкары, баланы медициналык жактан  коштоого алуу каралган  жана камкорчунун үй-бүлөсүндө баланын тарбиялануусу көзөмөлдөө.

Ошондой эле, бала жайгашкан үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында   Планда баланы мектепке чейинки билим берүү мекемесине жайгаштыруу,  келечекте баланы мектепке даярдоого көмөктөшүү боюнча иш-чаралар камтылган.

Азыркы учурда баланын психологиялык абалы канааттандырарлык, реабилитациялык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бала үй-бүлө мүчөлөрү жана камкорчулар менен ишенимдүү жана жылуу мамиледе.

Ат-Башы районунун эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы үй-бүлөгө жана балага социалдык колдоо көрсөтүп келет, керек учурда тергөө иш-чараларында жана сот өндүрүшүндө баланын кызыкчылыгын коргойт.

Зордук-зомбулукка кабылган балага байланыштуу кырдаал жана аны коштоп жүрүү процесси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун көзөмөлүндө.

Пайдалуу
Ссылкалар