КРЭӨМ конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана өнүктүрүү министрлиги

бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө ички кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

  1. Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин.

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүсү; 

  1. Билгичтиги:

– компьютерде жана мобилдик түзүлүштөрдө иштөө;

– компьютер жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б.);

– чоң маалымат массивдери менен иштөө: жаңы маалыматтарды иштеп чыгуу жана түзүү;

– маалыматтарды берүү;

– оргтехника менен иштөө. 

Гендердик маселелер боюнча бөлүм 

Жетектөөчү адис (К-А) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык, экономикалык, эл аралык мамилелер жана/же социалдык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө”, “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №443 “2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө” токтомун;

– Чет тилин билүү (артыкчылыктуу).

Билгичтиги:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу

– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикалык иште колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

Көндүмдөр:

  • компьютердик сабаттуулук;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • жоопкерчиликтин жана демилгелүүлүктүн жогорку деңгээли;
  • өзүнүн көз карашынын болушу жана аны жактай билүүсү;
  • компетенттүүлүк, аналитикалык материалдарды түзүүнү билүү;
  • ички маданиятынын жогорку деңгээлде болуусу;
  • өзүнүн билимин дайыма өркүндөтүүгө умтулуу;
  • командада иштей билүүсү;
  • толеранттуулук;
  • компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

 1.Жеке арызы;

  1. Сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы (3х4);
  2. Автобиография (соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалымат көрсөтүү менен);
  3. Резюме;
  4. Паспорттун же өзүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспортунун же ким экендигин аныктаган документинин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6.Керектүү кесиптик билими, иш стажы жана квалификациясы жөнүндө тастыктоочу (нотариалдык жактан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими тууралуу документтеринин, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү);

  1. Документтер ылдам тиккичте (скоросшиватель) Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215 (Киев көчөсү менен кесилишет), 2-кабат, №204 кабинет дареги боюнча 2020-жылдын 29 декабрь күнү саат 18:00го чейин тапшырылышы керек.

Кошумча маалыматты 663685 телефону же www.mlsp.gov.kg. сайты боюнча алуу болот.

 

Пайдалуу
Ссылкалар