Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин биринчи отуруму 2020-жылдын 1-декабрында өттү
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы №175-б буйругу менен түзүлгѳн Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин биринчи отуруму 2020-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында болуп ѳттү.
Күн тартибинде тѳмѳнкү маселелер каралды:
- Төраганын орун басарын жарандык коомдон шайлоо.
- Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүктүн алкагында БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө – “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын күндүз болуу борборлорун уюштуруу” долбоорун демилгелөө.
- 3. БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо учуруна карата майыптыгы бар адамдардын абалы жөнүндө нөлдүк отчет
- Ар кандай маселелер.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин отурумунун жыйынтыгында тѳмѳнкүдѳй чечимдер кабыл алынды:
- “Майыптарга юридикалык жардам кѳрсѳтүү” коомдук фондунун президенти Т.М Исаковдун талапкерлиги жарандык коомдон Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына жактырылсын.
- Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүктүн алкагында БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө – “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын күндүз болуу борборлорун уюштуруу” долбоорун демилгелөө тууралуу маалымат эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрлиги бюджеттик тобокелдиктердин келип чыгуу предметине карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүктүн алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн күндүз болуунун реабилитациялык борборлорун уюштуруу боюнча тендердик документтерди макулдашуу процессин тездетсин.
- БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо учуруна карата майыптыгы бар адамдардын абалы жөнүндө нөлдүк отчёт эске алынсын.
- Министрликтер жана ведомстволор нөлдүк отчётто белгиленген сунуштамаларды аткарышсын жана жыйынтыктары тууралуу маалыматты бир айлык мѳѳнѳттѳ Кеңештин катчылыгына жѳнѳтсүн.
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
– 15-декабрга чейин Бишкек шаарынын аймагында жер астындагы өткөөлдөрдө орнотулган көтөргүчтөргө (подъёмник) мониторинг жүргүзсүн жана жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча отчетту Кеңештин кийинки жыйынына даярдасын.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) майыптыгы бар адамдарды бекитилген 5% квотанын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы пандустардын жана жол алдындагы ѳтмѳктѳрдүн стандарттарынын сакталышын текшерсин жана курулуш процессин контролдосун.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төмөнкүлөрдү толуктап иштеп чыксын:
– “Кыргыз Республикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун;
– “Сурдокоторуу кызматын көрсөтүүнүн жана сурдокотормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору;
- Министрликтер жана ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө ушул протоколдук чечимдин тийиштүү тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кеңештин катчылыгына берсин.