Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин биринчи отуруму 2020-жылдын 1-декабрында өттү

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы №175-б буйругу менен түзүлгѳн Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин биринчи отуруму 2020-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында болуп ѳттү.

Күн тартибинде тѳмѳнкү маселелер каралды:

  1. Төраганын орун басарын жарандык коомдон шайлоо.
  2. Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүктүн алкагында БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө – “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын күндүз болуу борборлорун уюштуруу” долбоорун демилгелөө.
  3. 3. БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо учуруна карата майыптыгы бар адамдардын абалы жөнүндө нөлдүк отчет
  4. Ар кандай маселелер.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин отурумунун жыйынтыгында тѳмѳнкүдѳй чечимдер кабыл алынды:

  1. “Майыптарга юридикалык жардам кѳрсѳтүү” коомдук фондунун президенти Т.М Исаковдун талапкерлиги жарандык коомдон Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына жактырылсын.
  2. Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүктүн алкагында БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө – “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын күндүз болуу борборлорун уюштуруу” долбоорун демилгелөө тууралуу маалымат эске алынсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрлиги бюджеттик тобокелдиктердин келип чыгуу предметине карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүктүн алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн күндүз болуунун реабилитациялык борборлорун уюштуруу боюнча тендердик документтерди макулдашуу процессин тездетсин.
  4. БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо учуруна карата майыптыгы бар адамдардын абалы жөнүндө нөлдүк отчёт эске алынсын.
  5. Министрликтер жана ведомстволор нөлдүк отчётто белгиленген сунуштамаларды аткарышсын жана жыйынтыктары тууралуу маалыматты бир айлык мѳѳнѳттѳ Кеңештин катчылыгына жѳнѳтсүн.
  6. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы (макулдашуу боюнча)

– 15-декабрга чейин Бишкек шаарынын аймагында жер астындагы өткөөлдөрдө орнотулган көтөргүчтөргө (подъёмник) мониторинг жүргүзсүн жана жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча отчетту Кеңештин кийинки жыйынына даярдасын.
  2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) майыптыгы бар адамдарды бекитилген 5% квотанын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы пандустардын жана жол алдындагы ѳтмѳктѳрдүн стандарттарынын сакталышын текшерсин жана курулуш процессин контролдосун.
  4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төмөнкүлөрдү толуктап иштеп чыксын:

–  “Кыргыз Республикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун;

– “Сурдокоторуу кызматын көрсөтүүнүн жана сурдокотормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору;

  1. Министрликтер жана ведомстволор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө ушул протоколдук чечимдин тийиштүү тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кеңештин катчылыгына берсин.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар