«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22 – декабрына чейин 1985  телефондон кайрылуу (же бир суткада 283 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 50 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 15 же 30,0 % жаш балдардан, ал эми 35 же 70,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 36 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

50 чалуунун ичинен эркектерден –5  (же 26,0 %), аялдардан – 30 (же 74,0%), алардын ичинен балдардан –15: эркек балдардан – 8 (же 53,4%), кыздардан – 7 (же 46,6%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын       мамилелери тууралуу – 11;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– психологиялык жабырлануудан –4;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 1;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

1935 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жана башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 36,0 %);

– Чуй облусунан – 6 (же 12,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (же 12,0%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 6,0%);          

– Ош шаарынан – 2 (же 4,0 %);

– Нарын облусунан – 1 (же 2,0%);

– Талас облусунан – 1 (же 2,0%);

– анонимдерден – 10 (же 20,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар