«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылы (январь – декабрь айларында) 137721 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 377 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 5210 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 1039 же 20,0% жаш балдардан, ал эми 4171 же 80,0% чоң адамдардан). Анын ичинен 4163 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 588 абонентке психологиялык консультация берилди, 459 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

5210 чалуунун  ичинен эркектерден – 1219 (же 23,4%), аялдардан – 3991 (же 76,6%), балдардан– 1039: анын ичинен эркек балдардан – 314 (же 30,2%), кыздардан – 725 (же 69,8 %).

5210 кайрылган абоненттердин ичинен көбү 1278 чоң адамдар же 24,4% жардамга муктаж болгон жарандар азык – түлүк, гуманитардык, финансылык, дары – дармек түрүндө жардам сурагандар, адвокат, юрист, психолог, логопед, балдар наркологун, бала багуучу, иш, үй сурап, паспорт, аскердик билет, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, мектепке окуу куралдарын сатып алуу, окуучуларга автоунаа бөлүп берүү, интернет блогду илгерилетүү, алимент төлөө, апасы, атасы менен байланышуу, адамды издөө, бош иш орун (вакансия), өспүрүмдөрдү ишке орноштуруу, имараттарды дезинфекциялоо, которулган акча каражатты алуу, банктардын иштөө убактысы, баланын жашаган жерин аныктоо боюнча, үй камагынан бошотуу, Кризистик борбор жана ага жайгаштыруу жөнүндө маалымат, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин, байланыш операторун сурашкан, жардам берүү сунушу.

Кайрылуулардын экинчи позициясын 1166 же 22,4% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын болгон өз ара  мамилелери, онлайн сабактар, оюндар үчүн өз ара түшүнбөстүк, досу, классташ балдары, небере, атасы, апасы менен чоң энесинин, кошунасы, апасы менен чоң энесинин өз ара түшүнбөстүктөрү, инисинин терс максатта пайдалануусу (манипуляция), балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация, мектеп окуучулардын укугу, депрессия, кызынын, небере кыздын үйдөн качуусу, апасына кайгыруу, баланын гиперактивдүү, агрессивдүү жүрүм – туруму, окуудагы кыйынчылыктар, өзү жөнүндө аңгеме, досуна кайгыруу,  өспүрүм кыздын уурулук кылуусу тууралуу чалуулар түшкөн.

Борборго кайрылган 570 абонент же 10,9% социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, кош бойлуулук жана төрөт, майыптык боюнча жөлөкпул, ДМЧ балдарды караган жеке ассистенттин кызмат акысын, камкорчусунан ажырагандыгы боюнча пенсия чектөө жана төлөө, бала асырап алуу, комкордукка алуу, баланын жашаган жерин аныктоо, үй-бүлө жана балдарды текшерүү, ДМЧ баланы жана улгайган эркекти социалдык стационардык мекемеге орноштуруу, кары-картаңдарды үйүнөн социалдык тейлөө, майыптыгын жана тобун кайра карап чыгуу, кресло-коляска алуу, ДМЧА санатордук-курорттук жолдомо алуу боюнча, “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо тартибин сурап кайрылышкан.

Психологиялык жабырлануудан 445 же 8,5% абонент, алардын ичинен 297 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна турмуштук оор кырдаал, депрессияга кабылуу, өгөй атанын кызына болгон мамилеси, жалгыздык, таарыныч, кызгануу, ата – энелер тарабынан баарлашуунун, сүйүүнүн жетишпездиги, ажырашуу, ата – эненин нааразычылыгы, апасынын, эжесинин өлүмү, ушак, хиджаб кийүү, бала кезинен, жол кырсыгынан алган жаракат, коркуу, капалануу, сүйгөндүк, күнөөлүү, толкундануу, тынчсыздануу сезимдери, сүйлөшө албагандык, тартынчактык, атасынын өтө камкорчулугу, стресс, коронавирус жуктуруп алуу коркунучу, уйкусуздук жана капалануу, сентименталдуулук,  агрессия, сабак окуганга кызыгуунун, эркинин жоктугу, гендердик иденттүүлүк, уурулукка айыптоо, ата –энелер, досу, күйөөсү, туугандары, агасы менен жеңеси, чоң энеси, эжеси, кайынэнеси менен болгон чыр–чатактар жана өз ара келишпестиктер, кызынын келечеги, атасынын, досунун кеткендиги, ата – энесинин аракечтиги, жагымсыз эскерүүлөр, ден соолугунун психикалык көйгөйү, кесип тандоодогу кыйынчылыктар, төрөй албагандык, жыныстык катнашка кызыгуу, гуманитардык жардамга нааразычылык, акча каражаттын жоктугу, бейтааныш адамдын куугунтуктоосу себеп болгон. 

271 же 5,2% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (ата – энеси, чоң эне, чоң атасы, өгөй атасы, тайэжеси, эжелери, агалары, өгөй энеси, кошунасы, жеңеси, мектептин мугалиминин баласы,  жогорку класстын окуучусу, атасы менен болгон инцест, мурунку аялынын жарандык никеде турбаган күйөөсү, бейтааныш эркек, балдар үйүнүн кызматкери, бала бакчанын тарбиячысы, милиция, атасы тарабынан психологиялык зомбулук көрсөтүлгөнү, зомбулукка аракет кылгандык жөнүндө).

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 266 же 5,1% абонент чалган. Буларга аял – күйөөсү, мурунку күйөөсү, атасы, ата-энеси, кайынэнеси, кайниси, агасы, чоң энеси, туугандар арасында түшүнбөстүктөр жана чыр–чатактар, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкардугуна берүү, атасынын балдарды багууга жардам берүүдөн баш тартуусу, ата – энелик милдеттен ажыратуу, күйөөсүнүн аракечтиги, акча каражаттын жоктугу себеп болгон.

256 же 4,9% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, атасы, ойношу, өгөй атасы, агасы, баласы, кайынэнеси, күйөө баласы, кошунасы, бейтааныш эркектер тарабынан, эрте никеге турууга мажбурлоо, аялдарды үй – бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө консультациялар).

217 же 4,3% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон («Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун кызматкерлерине, гуманитардык жардамга ыраазычылык, кошунасына, батирде убактылуу жашоочуга, маршруттук таксинин айдоочусуна, троллейбустагы тилемчилерге нааразычылык, диний басмырлоо, жаман түш көрүү, байланыш операторлорунун тарифи, сабактарды аткаруу, спорт мектебинен чыгарып коюу, кемсинтүү, соцтарамактагы видео, карызды кайтаруу мумкүнчүлүгү, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилгендиги, анын мөөнөтүн узартылганы тууралуу суроолор, карантинди бузуу, карантинге байланыштуу жазгы талаа жумуштарына тоскоолдук, өткөрүү пунктары жөнүндө маалымат, кошуналар ортосундагы чыр-чатактар, электр жарыгына төлөмдүн туура эмес эсептелгендиги, психолог кесиби, жардамга сунуш, азык – түлүктөрдүн, жол киренин баасынын көтөрүлүшүнө арыздануу, алкогол ичимдиктерди сатууга тыйуу салуу, атайы кийим кийип, үйлөрдү кыдырган адамдар, жашаган батирден чыгаруу, ижарага алган үйдүн акысын төлөө, үйгө укугу, көчөдө ойногон  балдар, ызычуулар, банктан справка алуу, канализация көйгөйү, балдарды чек арадан чыгарууга тыйуу салуу жана ата – энелердин укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу, 16 жаштан тартып бойго жетүүнү киргизүү боюнча сунуштар, кызын Кыргызстанга алып келүү, эмгек акыга кошумча төлөөлөр, себепсиз иштен кетирүү, белек тандоо, шылуундарга акча каражатын которуу, автоунаанын мурунку кожоюнун табуу, жылааандан жана жолбун иттерден коркуу, 117 Колборбордун милдети, белек тандоо, акимчиликтин иш тартиби, жер участогун каттоо тууралуу).

206 же 4,0% абонент Борбордун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

179 же 3,4% абонент медициналык камсыз кылуу (ден соолугунун көйгөйү, балдардын жана чоң адамдардын консультацияга, медициналык кароого, дарыланууга, психотерапевтин консультациясына, кекечтиктен, токсиманиядан, уйкусуздуктан дарыланууга муктаждык жөнүндө, рецепт жана дары – дармек сатып алуу, балдарды медициналык текшерүүгө төлөм, кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын, кулак угуу аппаратын алуу, маска жана антисептиктерге баанын жогорулашы, коронавирустун симптому, коронавирус COVID – 19 инфекциясын жуктуруп алган үчүн бир жолку берилүүчү компенсацияны кайтаруу, доктурга, медайымга арыздануу, ҮМБорборго каттоого туруу жана анын даректери, акы төлөнүүчү тез жардам кызматынын дареги,  103 тез жардам кызматын чакыруу) боюнча чалган.

118 же 2,3% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген (РИИБдүн, РЭСӨБтын, ССМнин, МСЭКтин кызматкерлерине, “1227 Жардам штабдын”, айыл өкмөттүн, почтанын, коменданттын жана КР Өкмөтүнүн, ӨКМ, Софонддун, иш берүүчүгө, домкомдун, сот аткаруучунун ишине, соттун чечимине).

Билим берүү системасы боюнча 117 же 2,2% абонент чалып, мектептин мугалиминин, класс жетекчинин, директордун жана мектеп администрациясынын ишине арыздануу, мектепте акча чогултууга, музыкалык мектепке нааразычылык, баланы сабактан бошотуу, акысыз жана аралыктан окуу, аралыктан окуунун кыйынчылыктары, бүтүрүү экзамендерин тапшыруу, билим алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу, аралыктан окууга бирдик жүктөп коюуну, мектептердин иштөө графиги, мектепке орноштуруудагы кыйнчылыктар,  мугалимдерге ыраазычылык, окуу боюнча балдар олимпиядасына катышуу, адистештирилген жана мектеп интернаттар жөнүндө маалымат, бала бакчанын башчысына жана тарбиячысына, бала бакчага акча каражатын чогултканга арыздануу, баланы бала бакчага орноштуруу, анын шартын жакшыртуу тууралуу билдирген.

101 же 1,9% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне, тайэжеси, кошунасы тарабынан кайдыгер мамиле, баланын эс алууга болгон муктаждыгын аткарбоо тууралуу болгон.

22 же 0,4% суицид  тууралуу чалган.

4 абонент же 0,1% жогорку класстын окуучулары тарабынан болгон мектептеги рэкет боюнча түшкөн.

132511 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

459 кабарланган билдирүүнүн ичинен 367 же 80,0% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  80 же 17,4% – ички иштер органдарына, 6 же 1,3% – саламаттыкты сактоо органдарына, 1 же 0,2% билим берүү органдарына, 5 же 1,1%  башка уюмдарга жөнөтүлгөн.

    Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

Түшкөн 5210 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –2086 (же 40,0%;

– Чуй облусунан –767 (же 14,7%);

– Жалал – Абад облусунан –  499 (же 9,6%);

– Ош облусунан – 344 (же 6,6 %);

– Ош шаарынан – 277 (же 5,3%);

– Ысык – Көл облусунан – 292 (же 5,6%);

– Баткен облусунан – 165 (же 3,3%);

– Нарын облусунан –137 (же 2,6%);

– Талас облусунан – 123 (же 2,4%);

– анонимдерден – 520 (же 9,9%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 133 абонентке борбордун кызматкерлери телефон аркылуу консультация берген, 11 абонентке психологиялык консультация берилген, 8 факты анык болуп, 25 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 1 факты боюнча кылмыш иши козголгон, балага карата психологиялык зомбулук  көрсөтүлгөн 1 факты тастыкталган,  бул баланын атасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 абонент арыз менен милицияга кайрылган.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 18 кайрылуу боюнча фактылар аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

52 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, каттого алышты;

68 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

7 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 жашы жете элек бала табылып, балдар Борборуна убактылуу жайгаштырылды.

2 бала ата – энесине кайтарылып берилди.

1 кайрылуу боюнча РШСӨБ кызматкерлеринин жардамы менен абонентке баласы менен жолугууга жардам көрсөтүлдү.

2 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөндү.

1 үй-бүлөгө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул чектелди.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн 15 факт боюнча РШИИБ  кызматкерлери тарабынан зомбулук көрсөткөн адамдар менен профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү, 2 факт тастыкталаган эмес, 2 үй-бүлө каттого алынды, 1 аялга коргоо ордери берилди, 1 аял ички иштер органына арыз менен кайрылды, 1 факт тастыкталып, сотко чейинки иштер жүрүүдө.

1 аял баласы менен Кризистик борборго жайгаштырылды.

1 бала ооруканага убактылуу жаткырылды.

Беловодскийдеги балдар психикалык ССМ кызматкерине болгон арыз текшерилди.

2 абонентке демөөрчүлөр тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

5 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

1 абонентке электр жарыгын туташтырууга жардам берилди.

2019 – жыл (1832 чалуу) менен 2020 – жылды салыштырганда, чалуулардын саны 2,8 эсеге көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби, 2020 – жылдын 22 – мартынан тартып республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоого байланыштуу өзгөчө кырдаал жана 25 – мартынан өзгөчө абал киргизилгендиги жана «111 Балдар үчүн ишеним телефону» борбору тууралуу маалыматтар таркатылгандыгы болгон. 

Пайдалуу
Ссылкалар