«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын январь айынын 2 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8 – 15 январына чейин 2254  телефондон кайрылуу (же бир суткада 322 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 62 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 23 же 37,0% жаш балдардан, ал эми 39 же 63,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 49 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

62 чалуунун  ичинен эркектерден – 14 (же 22,6%), аялдардан – 48 ( же 77,4%), балдардан– 23: анын ичинен эркек балдардан – 10 (же 43,5%), кыздардан – 13 (же 56,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 12;

– социалдык жардам сурап – 11;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 8;

– психологиялык жабырлануудан – 6;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– юридикалык  жана башка жардам сурап -34;

– медициналык камсыздоо боюнча – 3;

– ар кандай суроолор менен – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1.

  2192 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 23  (же 37,1%);

– Чуй облусунан – 16  (же 25,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 (же 8,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 4,8%);

– Ош облусунан – 3 (же 4,8%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,6%);

– Ош шаарынан – 1 (же 1,6%).

– анонимдерден – 10 (же 16,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар