КРнын Эмгек жана социалдык өнүкүтүрүү министрлигинин алдындагы Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Фонду мекемеси негизги өнөктөштөр менен мамиле түзүүдө

КРнын Эмгек жана социалдык өнүкүтүрүү министрлигинин алдындагы Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Фонду мекемеси негизги өнөктөштөр менен мамиле түзүүдө.
Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Фонду (КӨФ) эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптерге талдоо жүргүзүү, өлкөнүн жарандарынын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, ошондой эле жумуш берүүчүлөргө кадрларды даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда кыска убакыттын ичинде жардам берүү максатында иш алып барат.
Ошентип, 2021-жылы 27-январда КӨФтүн тандоо комитетинин биринчи жыйыны болуп, анда КӨФтүн алдын-ала квалификациясынын тандоосунан өткөн, республиканын 67 билим берүү мекемеси (колледждер, лицейлер, жеке билим берүү борборлору) тандалып, бекитилген, аларда кыска мөөнөттүү курстар үчүн 99 кесиптин тизмеси жана ошондой эле КӨФ 22 негизги өнөктөштөрү менен өз ара кызматташуу үчүн тизме бекитилген.
Жумуш берүүчүлөрдүн буйругу боюнча 16 жаштан 63 жашка чейинки ар бир адам үчүн кыска мөөнөттүү курстарды (1 айдан 6 айга чейин) уюштурууга жана өткөрүүгө даярдануу үчүн, катталган жерине карабастан, КӨФ жумуш берүүчүлөр ассоциациялары, инвестициялык долбоорлор, жергиликтүү бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар менен жана башка кардарлар жана окутуу курстарынын колдонуучулары сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
КӨФ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы 2020-жылдын 31-декабрынан көз карандысыз юридикалык жак катары каттоодон өткөндөн кийин, 2021-жылдын январь айынын ичинде, КӨФтүн Аткаруучу директору Акынбеков Р.Д. төмөнкү 15 өнөктөштөр менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду:
• Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,
• Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы баштапкы кесиптик билим берүү агенттиги,
• Улуттук банктын алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги,
• Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы,
• Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясы,
• Эл аралык ишкерлер кеңеши,
• Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ассоциациясы,
• “Кыргыз Республикасынын Ашпозчулар Ассоциациясы” коомдук уюму,
• “ЖиА” Бизнес Ассоциациясы,
• Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ассоциациясы,
• Чүй облусунун жаш майыптар бирлиги,
• “Кыргызстан чоңдордун билимин өркүндөтүү ассоциациясы”,
• “Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы”,
• “Коомдук тамактануу чөйрөсүндө кесиптик компетенттүүлүктү жана көндүмдөрдү көзкарандысыз сертификациялоонун тармактык борбору” мекемеси,
• “Чакан ГЭСтердин Ассоциациясы”.
Бул өнөктөштөрдүн көпчүлүгү менен КӨФ буга чейин АӨБнын Долбоорунун алкагында тыгыз кызматташып келген жана айрымдары 2021-жылы биргелешкен ишти баштоого каалоосун билдиришкен. 2021-жылдын февраль айынын ичинде КӨФ курстардын жана билим берүү мекемелеринин тизмесин кеңейтүүнү, ошондой эле жаңы өнөктөштөр менен кызматташуу жөнүндө кошумча Меморандумдарды түзүүнү пландаштырууда.
Пайдалуу
Ссылкалар