«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын февраль айынын 1 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1 – февралынан 8 – февралына чейин 1586 телефондон кайрылуу (же бир суткада 226 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 45 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 14 же 31,1% жаш балдардан, ал эми 31 же 68,9% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

45 чалуунун  ичинен эркектерден – 17 (же 37,8%), аялдардан –28 ( же 62,2%), балдардан – 14: анын ичинен эркек балдардан – 7 (же 50,0%), кыздардан – 7 (же 50,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

– социалдык жардам сурап – 7;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 6;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

– психологиялык жабырлануудан – 5;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 4;

– ар кандай суроолор менен – 3

– балдарга кайдыгер мамиле жасаган тууралуу – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 1.

1541 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18  (же 40,0%);

– анонимдерден – 10 (же 22,2%).

– Ош облусунан – 5 (же 11,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 8,9%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 6,7%);

– Чуй облусунан – 3 (же 6,7%);

– Нарын облусунан – 1 (же 2,2%);

– Баткен облусунан – 1 (же 2,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар