Кыргызстан гендердик теңчиликке жетүү боюнча жаңы Улуттук стратегияны иштеп чыгат

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана International Alert уюму тарабынан Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын жана 2021-2023-жылдарга Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун, эксперттердин, адистештирилген мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана донорлордун катышуусу менен жолугушуусу болуп өттү.

БУУнун Аялдар түзүмүнүн колдоосу менен “Луч света” демилгесинин алкагында министрлик тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ өткөн жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук Стратегиянын жана Улуттук Пландын долбоорлорун иштеп чыгуу аракетин көрүүдө.

Ушул жылдын январь айында International Alert жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан “Татыктуу Жашоо” долбоорунун Конфессиялар аралык жумушчу тобу жана жарандык коом менен айтылып өткөн стратегиялык документтерге диний жамааттардын аялдары менен кыздарынын муктаждыктарын киргизүү боюнча консультациялар өткөрүлгөн.

«International Alert” уюму тарабынан, диний жамааттардагы аялдардын жана кыздардын муктаждыктары жөнүндө жүргүзүлгөн баалоо абдан актуалдуу, себеби акыркы жылдары диндин коомдогу ролу өсүп жатканы байкалууда жана айтылып жаткан стратегияны иштеп чыгууда аялдардын диний чөйрөдөгү муктаждыктарын созсүз эске алуубуз зарыл. Министрлик  тарабынан диний жамааттардагы аялдардын жана кыздардын муктаждыктарын эске алуу менен гендердик теңчиликке жетүү боюнча жаңы стратегияда жана иш-аракеттер планында белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт, жана ошондой эле бардык тиешелүү ведомстволорду планды ишке ашыруу боюнча аракеттенүүгө чакырат, себеби гендердик теңчилик жалпы мамлекеттин өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелинет”, – деди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.

Эл аралык «International Alert” уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Шакират Токтосунованын айтымында, Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү жана диний жамааттардагы аялдарга карата зомбулукту азайтуу маселелери жөнүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөр дээрлик жок эсе. «Ар кандай себептерден улам, диний жамааттардын аялдары иш жүзүндө гендердик саясаттын объектилери же субъекттери катары саналбайт, ал эми мамлекеттик саясат иш-чаралары алардын муктаждыктары менен талаптарын эске албай келет. Бул тема диний аалымдарды, теологдорду жана гендердик маселелер боюнча эксперттердин катышуусу менен көтөрүлгөн маселелерди тереңирээк изилдөөнү талап кылат. Биз гендердик теңчиликке жетүү боюнча стратегияны жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топко өз сунуштарыбызды жибердик жана алар мамлекеттик саясаттын жаңы циклында эске алынат деген үмүттөбүз”.

«Кыргызстан прогрессивдүү гендердик мыйзамдарга жана саясатка ээ жана жада калса өз тажрыйбасы менен Борбор Азия аймагынын башка мамлекеттери менен бөлүшө алган өлкө. Ал эми биздин Элчилик “Татыктуу Жашоо – Кадыр-баркта жашоо” долбоору аркылуу гендердик теңчиликти, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюуга көмөктөшүүдө. Долбоор гендердик теңчиликке жетишүү жана аялдар менен кыздарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча Улуттук стратегияны жана иш-аракеттер планын ишке ашырууга диний жамааттарды тартууга багытталган. Ошондой эле, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жоюу жана коомдун бардык катмарында гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Улуттук стратегияны жана иш-аракеттер планын кеңири талкуулоого жана кеңешүүгө көмөктөшөт”, – деди Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Женифер Таскер.

Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча жаңы Улуттук Стратегия аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, басмырлоону жокко чыгарууга жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүүгө, жөнгө салуучу саясатка жана аялдардын саясий катышуусун кеңейтүүгө артыкчылык берет, ошондой эле диний жамааттардагы аялдар менен кыздардын муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыгат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар