«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын февраль айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1- февралынан –1 – мартына чейин 7312  телефондон кайрылуу (же бир суткада 261 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 201 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 70 же 34,8% жаш балдардан, ал эми 131 же 65,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 155 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 24 абонентке психологиялык консультация берилди, 22 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

201 чалуунун  ичинен эркектерден – 50 (же 25,0%), аялдардан – 151 (же 75,0%), балдардан– 70: анын ичинен эркек балдардан – 15 (же 21,4%), кыздардан – 55 (же 78,6%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын  мамилелери тууралуу – 38;

– социалдык жардам сурап – 29;

  – финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 24;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 23;

– психологиялык жабырлануудан – 21;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 12;

 – үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 10;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 10;

–  ар кандай суроолор менен – 9;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 8;

 – аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

 – билим берүү системасы боюнча – 6; 

 – медициналык камсыздоо боюнча – 4.

7111 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 84  (же 41,8%);

– Анонимдер – 34 (же 16,9%);

 – Чүй облусунан – 24 (же 11,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 20 (же 10,0%);

– Ош облусунан – 15 (же 7,5%);

– Ыссык-Көл облусунан – 10 (же 5,0%);

– Нарын облусунан – 6 (же 2,9%);

– Ош шаарынан – 5 (же 2,5%);

– Баткен облусунан – 2 (же 1,0%);

– Талас облусунан – 1 (же 0,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар