«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын I – кварталындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын I кварталында  26192 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 291 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 720 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 225 же 31,2% жаш балдардан, ал эми 495 же 68,8% чоң адамдардан). Анын ичинен 545 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 92 абонентке психологиялык консультация берилди, 83 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

720 чалуунун  ичинен эркектерден – 175 (же 24,3%), аялдардан – 545 (же 75,7%), балдардан– 225: анын ичинен эркек балдардан – 58 (же 25,8%), кыздардан – 167 (же 74,2 %).

720 кайрылган абоненттердин ичинен көбү 138 чоң адамдар же 19,2% социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптык, жумушсуздук, камкорчусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул, ДМЧ балдарды караган жеке ассистенттин кызмат акысын төлөө, майыптыгын жана анын тобун кайра карап чыгуу, баланын жашаган жерин аныктоо, баланы жана улгайган жаранды социалдык стационардык мекемеге (ССМ) орноштуруу, ССМдеги карантин, үй-бүлө жана балдарды, кароосуз калган балдарды текшерүү, бала асырап алуу, комкордукка алуу, социалдык кызматкерди чакыруу боюнча кайрылышкан.

Кайрылуулардын экинчи позициясын 102 же 14,2% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын болгон өз ара  мамилелери, атасы, апасы, туугандары, небереси, теңтуштары, курбусу, мугалим менен өз ара түшүнбөстүктөрү, досу менен мамилесине жана ага кайгыруу, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация, клептомания (уурулук кылуу), балага түрткү берүү, балдардын укугу тууралуу чалуулар түшкөн.

94 абонент же 13,0% жардамга муктаж жарандар чалып, гуманитардык жардам, психолог, юрист, логопед, психиатр, адамды издөө, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

Психологиялык жабырлануудан 83 же 11,5% абонент, алардын ичинен 297 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна тынчсыздануу, таарыныч, стресс, жалгыздык, депрессияга кабылуу, күнөөлүү, сүйгөндүк сезимдери, апатия, чарчоо, комплекстер, ата-эне, чоң эне, күйөөсү, агасы, достору менен чыр–чатактар жана өз ара келишпестиктер, ата – энелер тарабынан баарлашуунун, энелик сүйүүнүн жетишпездиги, куугунтук маниясы, эркинин жетишпестиги, курбусунун өлүмү, суицидалдык ойлор, жыныстык катнашка кызыгуу, ден соолугунун абалы, ИИО кызматкерлерине кармалгандык себеп болгон. 

77 же 10,7% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, туугандары, байкеси, өгөй энеси, өгөй агасы, мугалим, теңтуштары тарабынан көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 44 же 6,1% абонент чалган. Буларга ата-энеси, кайынэнеси, аял – күйөөлөрү менен өз ара түшүнбөстүктөр жана чыр–чатактар, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкардугуна берүү, алимент төлөбөгөндүк себеп болгон.

43 же 6,0% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

35 же 4,9% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, атасы, күйөө баласы, никеде турбаган күйөөсү, досу, кошунасы, өгөй атасы, өспүрүм баласы тарабынан).

25 же 3,5% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу болгон.

22 же 3,0% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген (РИИБдүн, РЭСӨБтын, МСЭКтин, айыл өкмөттүн, Софонддун, “Шанс” КБ, ЖОЖдын кызматкерлерине, соттун чечимине, иш берүүчүгө).

22 же 4,3% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон (электр энергиясын өчүрүп салганы, БҮИТ борборуна чалган өспүрүм кыз тууралуу маалымат, ата- энелер комитетинин мүчөсүнө,  кошуналарга нааразычылык, батирдин жашоочусун чыгаруу, аккаунтунун бузулушу, жеке менчикти ээлеп алгандыгы, кемсинтүү, өлүм жазасын киргизүү сунушу, эмгек мигранттардын укугунун бузулушу, КР Президентине кайрылуу, ТВдагы балдар берүүлөрү жана маалымат тууралуу, досуна телефон чалып берүү өтүнүчү).

17 же 2,4% абонент медициналык камсыз кылуу (ден соолугунун көйгөйү, доктурга арыздануу, бейтапканага, РПДСБ жайгаштыруу, өспүрүм кыздын боюнун өсүшү, 103 тез жардам кызматын чакыруу) боюнча чалган.

Билим берүү системасы боюнча 16 же 2,2% абонент чалып, мектептин директоруна, мугалимге жана мектеп администрациясынын ишине арыздануу, аралыктан окуунун кыйынчылыктары, мектептеги талаптар, мектепке, бала бакчага орноштуруу тууралуу билдирген.

2 же 0,3% суицид  тууралуу чалган.

25472 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

83 кабарланган билдирүүнүн ичинен 64 же 77,1% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  19 же 22,9% – ички иштер органдарына жөнөтүлгөн.

    Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

Түшкөн 720 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –254 (же 35,3%;

– Чуй облусунан –119 (же 16,5%);

– Жалал – Абад облусунан –  58 (же 8,0%);

– Ысык – Көл облусунан – 51 (же 7,1%);

– Ош облусунан – 47 (же 6,5 %);

– Ош шаарынан – 27 (же 3,7%);

– Нарын облусунан –17 (же 2,4%);

– Баткен облусунан – 13 (же 1,8%);

– Талас облусунан – 12 (же 1,7%);

– анонимдерден – 122 (же 17,0%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылуулар боюнча 3 факты анык болуп, 1 үй-бүлө каттоо алынды. 1 бала психологдун консультациясына жөнөтүлдү, 1 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, реабилитациялык борборго убактылуу жайгаштырылды, 1 бала энесине кайтарылып берилди. 10 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 1 кайрылуу боюнча факты аныкталган, ал эми 7 факты аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

7 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

7 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

1 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөндү.

1 үй-бүлөнүн балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул чектелди.

1 өспүрүм ата-энесине кайтарылып берилди.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн 4 кайрылуу тастыкталаган эмес, райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

4 факты боюнча аялдар РШИИБ  арыз менен кайрылуудан баш тартышты, 4 факты боюнча РШИИБ кызматкерлери тарабынан үй-бүлө менен профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү.

2020 – жылдын I кварталы (915 чалуу) менен 2020 – жылдын I кварталын салыштырганда, чалуулардын саны 21,4% азайган. Чалуулардын азайышынын себеби, республиканын аймагында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын алынып салынышына байланыштуу болгон. 

Пайдалуу
Ссылкалар