«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын апрель айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 15–22 – апрелине чейин 2574  телефондон кайрылуу (же бир суткада 367 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 51 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 18 же 35,3% жаш балдардан, ал эми 33 же 64,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

51 чалуунун  ичинен эркектерден –18 (же 35,3%), аялдардан – 33 (же 64,7%), балдардан– 18: анын ичинен эркек балдардан – 5 (же 27,8%), кыздардан – 13 (же 72,2%).

           Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

  • социалдык жардам сурап – 13;
  • психологиялык жабырлануудан – 9;
  • балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;
  • финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 5;
  • балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;
  • мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 4;
  • ар кандай суроолор менен- 3;
  • аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;
  • үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 1;
  • суицид жөнүндө -1;
  • медициналык камсыздоо боюнча – 1;
  • БҮИТ борбору жөнүндө маалымат -1.

2523 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

 Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

 Бишкек шаарынан – 19  (же 37,2%);                                                                 

 Чүй облусунан – 6 (же 11,8%);                                                                                   

 Жалал-Абад облусунан – 5  (же 9,8%); 

Ош шаарынан – 3  (же 5,9%); 

 Ысык-Көл облусунан – 2 (же 3,9%);                                                                             

Талас обулусунан – 2  (же 3,9%);

Нарын облусунан – 1 (же 2,0%);

Баткен облусунан-1  (же 2.0 %); 

анонимдерден –  12 (же 23,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар