«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын апрель айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын апрель айында 10707 телефондон кайрылуу (же бир суткада 356 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 226 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 73 же 32,3 % жаш балдардан, ал эми 153 же 67,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 160 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 40 абонентке психологиялык консультация берилди, 26 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

226 чалуунун ичинен эркектерден – 59 (же 26,1%), аялдардан – 167 (же 73,9%), алардын ичинен жаш балдардан – 73: эркек балдардан – 16 (же 22,0%), кыздардан – 57 (же 78,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 51;

– психологиялык жабырлануудан – 37;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 28;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 20;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 17;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 13;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 11;

– билим берүү системасыбоюнча – 10;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 9;

– аркандай суроолор менен – 9;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 6;

– аялдарга үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– медициналык камсыздоо боюнча – 6;

– мектептеги рэкет тууралуу – 2;

– суицид тууралуу – 1.

10481 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 75 (же 33,2%);

– Чуй облусунан – 36 (же 16,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 22 (же 9,7%);

– Ысык-Көл облусунан – 15 (же 6,6%);

– Ош шаарынан – 14 (же 6,2%);

– Ош облусунан – 9 (же 4,0%);

– Нарын облусунан – 8 (же 3,5%);

 – Талас облусунан – 6 (же 2,6%);

 – Баткен облусунан – 4 (же 1,8%);

– анонимдерден – 37 (же 16,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар