Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы “Балалык институту” коомдук фонду менен биргеликте аймактык кеңешме өткөрдү

Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы “Балалык институту” коомдук фонду менен биргеликте ушул жылдын 4-майында мамлекеттик социалдык заказдын алкагында турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр үчүн ата-энелердин позитивдүү программасын ишке ашыруу боюнча аймактык кеңешме өткөрдү. Аймактык кеңешмеге райондордун акимдеринин орун басарлары, Нарын облусунун РЭСӨМдүн жетекчилери, ошондой эле РЭСӨМдүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчылары катышты.

Бул программа Кочкор районунда сыноодон өтүп, 200дөн ашык үй-бүлөнү камтыган, сын-пикирлерге ылайык окутуу программасы ата-энелерге оң таасирин тийгизген. Ата-энелерди тарбиялоо боюнча программаны иштеп чыгууда “Балалык институту” коомдук фонду көмөк көрсөткөн.

Пайдалуу
Ссылкалар