«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын май айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1- 8- майына чейин 2690 телефондон кайрылуу (же бир суткада 384 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 71 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 23 же 32,4 % жаш балдардан, ал эми 48 же 67,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 56 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

71 чалуунун ичинен эркектерден – 10 (же 14,1 %), аялдардан – 61 (же 85,9 %), алардын ичинен жаш балдардан – 23: эркек балдардан – 3 (же 13,0%), кыздардан – 20 (же 87,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 15;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 10;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 7;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– ар кандай суроолор менен – 2;

– билим берүү системасы боюнча– 1.

2619 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 27 (же 38,0%);

– Чуй облусунан – 7 (же 9,9%);

– Ысык-Көл облусунан – 7 (же 9,9%);

– Ош облусунан – 7 (же 9,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 (же 7,0%);

– Баткен облусунан – 4 (же 5,6%);

– Талас облусунан – 2 (же 2,8%);

– анонимдерден – 12 (же 16,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар