Эмгек ресурстарынын 2021-2025-жылдарга болгон божомолу

“Инклюзивдүү өсүү көндүмдөр” секторунун программасы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү Министрлигинин иш менен камсыз кылуу боюнча аймактык кызматтары менен биргеликте, заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоо механизмин оптималдаштыруу жана кадрларга болгон муктаждыкты аныктоо максатында, 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын май айына чейин, эмгек ресурстарынын 2021-2025-жылдарга болгон божомолу боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп, ал эки этапта өткөрүлдү: I этап – министрликтер менен ведомстволордун аналитикалык божомолу; II этап – жумуш берүүчүлөрдүн сурамжылоосун эксперттик баалоо. Изилдөөгө республиканын 15 шаарынан жана 38 районунан салыкты түзүүчү жана социалдык жактан маанилүү болгон 225 жумуш берүүчү тартылды. Алардын катарында мыкты иш берүүчүлөр категориясына кирген жумуш берүүчүлөр: “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасы, штаттык саны 5000 адам, “Электр станциялары” ААК – 4500 кызматкер, “Кыргызтелеком” ААК – 3950 кызматкер, “Түндүк электр” ААК – 3000 кызматкер , ААК Кыргызстандын Улуттук электр тармагы – 2500 кызматкер, “Кыргызалтын” ААК – 1000 кызматкер, “Кыргызнефтегаз” ААК – 2408, “Чаарат Заав” ЖАК – 2022 кызматкер, “Куликовский Торт” ЖЧК – 1036 кызматкер.

Болжолдоо эмгек рыногундагы кадрлардын негизги муктаждыктарын, суроо-талапка ээ болгон кесиптерди жана келечектеги кесиптерди талдоонун негизинде жүргүзүлгөн. Изилдөөдө билим берүү мекемелеринин (лицей, колледж, университет,ж.б.) кесиптерди жана адистиктерди даярдоо боюнча окуу планы эске алынган. Иликтенгендердин тизмесине кызматкерлеринин саны эң көп, салыкты түзүүчү жана социалдык жактан маанилүү ишканалар кирген. Натыйжада, 2021-2025-жылдарга эмгек ресурстарына болгон талаптын божомолу төмөнкү көрсөткүчтөрдү түздү: учурдагы 2021-жылга болгон суроо-талап 13367 адисти, анын ичинен жогорку билимдүү 7808, орто билимдүү 3019, баштапкы кесиптик билимдүү1393 жана квалификациясы жок 1147 адамды түзот. Ал эми, 2025-жылга болжолдоо 62256 адисти, алардын ичинен 37972 жогорку кесиптик билимдүү, 14384 орто кесиптик билимдүү, баштапкы кесиптик билимдүү 5783 жана квалификациясы жок кадрлар 4117 адамды түзөт.

Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушка орноштуруунун аймактык кызматтарынын сурамжылоосу боюнча, 2021-2025-жылдарга карата кесиптердин божомолу суроо-талапка ээ болгон кесиптердин санынын динамикасын жана өткөн жылдарга салыштырмалуу адистердин билим деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын көрсөттү. Эмгек ресурстарына болгон суроо-талаптын божомолунун натыйжалары жогорку билимдүү квалификациялуу адистерге, эмгек рыногунда жетишсиз болгон кесиптерге жана санариптештирүүнү эске алуу менен жаңы кесиптердин келечегине болгон суроо-талаптын тенденциясын аныктады. Булар: маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча адистер, билим берүү тутумундагы предметтик сабактардын мугалимдери (башталгыч класстар, орус тили, физика, химия, музыка, дене тарбия, англис тили ж.б.), ошондой эле, саламаттыкты сактоодогу медицина, тейлөө чөйрөсүндөгү социалдык кызматкерлер, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайындагы технология кызматкерлери, агрономия жана ветеринария, байланыш тармактары боюнча адистер, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары. Натыйжада, аймактардын эмгек рыногун өнүктүрүү максатында жумуш берүүчүлөр тарабынан келечекте төмөнкү кесиптерди өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизилген,булар: сүттү кайра иштетүүчү технолог, жүндү кайра иштетүүчү технолог, жашылча-жемиштерди иштетүүчү технолог, уруктандыруучу технолог, тамак-аш иштетүүчү технолог, приборлорду жөндөөчү адис(көзөмөлдөөчү, өлчөөчү жана автоматташтыруу), тигүү өндүрүшүнүн технологу, тигүүчү машиналарды оңдоочу инженер-технолог, орто кесиптик билимдүү слесарь, токарь, сантехник, электрик, официант, 6-класстагы газ электр ширетүүчү, сызыктуу конструкциялардын электр монтеру, үрөн өндүрүшүнүн технологу, самосвал айдоочусу ж.б. Бул нерсе дагы бир жолу региондук эмгек рыногунун керектөөлөрү жергилитктүү экономикалык инфраструктурасынын ар түрдүүлүгүнө жана деңгээлине көз карандылыгын күбөлөндүрөт.

Пайдалуу
Ссылкалар