«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын май айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1- майынан –1 – июнуна чейин 11069  телефондон кайрылуу (же бир суткада 357 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 235 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 78 же 33,2% жаш балдардан, ал эми 157 же 66,8% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 168 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 30 абонентке психологиялык консультация берилди, 37 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

235 чалуунун  ичинен эркектерден – 54 (же 23,0%), аялдардан – 181 (же 77,0%), балдардан– 78: анын ичинен эркек балдардан – 18 (же 23,0%), кыздардан – 60 (же 77,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 48;

– психологиялык жабырлануудан – 31;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 31;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 27;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 26;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 15;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 12;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 9;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 9;

– медициналык камсыздоо боюнча – 8;

– ар кандай суроолор менен – 8;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 7;

– билим берүү системасы боюнча – 4.

10834 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 86 (же 36,6%);

– Чүй облусунан – 35 (же 15,0%);

– Ысык-Көл облусунан – 19 (же 8,1%);

– Ош облусунан – 17 (же 7,2%);

– Талас облусунан – 10 (же 4,3%).

– Жалал-Абад облусунан – 9 (же 3,8%);

– Ош шаарынан – 9 (же 3,8%);

– Баткен облусунан – 5 (же 2,1%);

– Нарын облусунан – 4 (же 1,7%);

– анонимдер – 41 (же 17,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар