Ысык-Көлдө COVID-19 оорусуна каршы эмдөө иштери кызуу жүрүп жатат

Ысык-Көлдө, “Аврора”, “Кыргыз деңиз жээгинде” жана “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионаттарынын дарылоо бөлмөлөрүндө эс алуучулардын жана жергиликтүү тургундардын COVID-19 оорусуна каршы эмдөө иштери кызуу жүрүп жатат.
Синофарм вакцинасынын жаңы партиясы келгенден кийин республика боюнча калкты коронавируска каршы эмдөөнүн жигердүү фазасы байкалууда. Көпчүлүк адамдар өздөрүн жана жакындарын оорудан сактоо үчүн вакциналарды күтүп жатышты, анткени вакцина гана коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн эффективдүү ыкмаларынын бири болуп саналат.
Эскерте кетсек, 11-июлда Кытайдан Синофарм вакцинасынын 1,25 миллион дозасы Кыргызстанга алып келинген. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында коронавируска каршы эмдөөлөр жүргүзүлүүдө. Медициналык мекемелерде, пансионаттарда, соода борборлорунда, билим берүү мекемелеринде. Республика боюнча 847 убактылуу эмдөө борборлору ачылды. Вакцинациядан өтүш үчүн, жанында паспорту болушу керек.

Пайдалуу
Ссылкалар