«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июль айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8 – 15 – июлуна чейин 2018  телефондон кайрылуу (же бир суткада 288 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 57 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 18 же 31,6% жаш балдардан, ал эми 39 же 68,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 37 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

57 чалуунун  ичинен эркектерден – 21 (же 36,8%), аялдардан – 36 (же 63,2%), балдардан – 18: анын ичинен эркек балдардан – 5 (же 27,8%), кыздардан – 13 (же 72,2%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 12;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 12;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 12;

– социалдык жардам сурап – 8;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар – 2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

1961 абонент номерди туура эмес тергендер, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 24 (же 42,1%);

– Чүй облусунан – 10 (же 17,4%);

– анонимдерден – 8 (же 14,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 7,0%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 5,3%);

– Ош облусунан – 3 (же 5,3%);       

– Баткен облусунан – 2 (же 3,5%);

– Нарын облусунан – 1 (же 1,8%);

– Ош шаарынан – 1 (же 1,8%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар