«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июль айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1 июлунан -1 августуна чейин 8288 телефондон кайрылуу (же бир суткада 267 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 207 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 69 же 33,3% жаш балдардан, ал эми 138 же 66,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 143 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 29 абонентке психологиялык консультация берилди, 35 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

207 чалуунун ичинен эркектерден – 62 (же 30,0%), аялдардан – 145 (же 70,0%), балдардан – 69: анын ичинен эркек балдардан – 19 (же 27,5%), кыздардан – 50 (же 72,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 40;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 33;

– социалдык жардам сурап – 29;

– психологиялык жабырлануудан – 29;

-балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 19;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 10;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 10;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 10;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 9;

– медициналык камсыздоо боюнча – 7;

– ар кандай суроолор боюнча – 6

мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 1.

8081 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 85 (же 41,1%);

Чүй облусунан – 29 (же 14,0%);

Жалал-Абад облусунан – 19 (же 9,2%);

Ош облусунан – 15 (же 7,2 %)

Ысык-Көл облусунан – 13 (же 6,3%);

Ош шаарынан – 7 (же 3,4%)

Баткен облусунан – 5 (же 2,4%)

Талас облусунан – 2 (же 1,0%)

Нарын облусунан – 1 (же 0,5%)

анонимдерден – 31 (же 14,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар