“Өнөрлүү айымдар” долбоору ишке ашырылды

Жалгыз бой жашаган, жумушсуз аялдарга колдоо көрсөтүү максатында “Ассанабил” ККФду Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нури уйумунун демөөрчүлүгү астында “Өнөрлүү айымдар” долбоорун ишке ашырды.
Көп балалуу, жалгыз бой энелердин үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүү максатында тигүүчүлүккө жөндөмү бар айымдарга атайын бир айлык курс уйуштурулуп ар бир бүтүрүүчүгө сертификат менен тигүүчү машиналар белекке берилди.
Тигүүчүү машиналарды тапшыруу аземине Кыргыз республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов катышты.
Долбоорго 100 айым катышып. Алардын 70не түз тигүүчү машина ал эми 30на 5жиптүү машиналар берилди. Мындан сырткары ар бирине 10м кездеме жана керектүү болгон шаймандары дагы кошо камсыздандырылат. Программага катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүк менен алектенип келечекте үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табуусуна шарт түзүлөт.
“Ассанабил” ККФну мындан сырткары дагы ушундай социалдык долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Эскерте кетсек жалпы республика боюнча 120 жерге медициналык клиникалар, 55 орто мектеп имараттары курулуп, муниципалдык менчик кызматына өткөрүлүп берилди.
Пайдалуу
Ссылкалар