Министрдин орун басарлары дайындалды

22-октябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлерине министрдин жаңы дайындалган орун басарлары Жылдыз Полотова, Нурдоолот Базарбаев жана Жаңыл Алыбаева тааныштырылды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев орун басарларын таныштыруу убагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн, биздин милдет бардык күтүүлөрдү актоо экенин белгиледи.
Министр жаңы дайындалган орун басарларын бул жаатта жетиштүү тажрыйбага ээ болгон адистер экенине жана коюлган милдеттерди так аткара аларына ишенимин билдирди.
Ошондой эле аларга ийгиликтерди жана жемиштүү иш каалады
Пайдалуу
Ссылкалар