«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын ноябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8 -15 – ноябрына чейин 1548  телефондон кайрылуу (же бир суткада 221 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 38 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 10 же 26,3% жаш балдардан, ал эми 28 же 73,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 25 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

38 чалуунун  ичинен эркектерден – 5 (же 13,2%), аялдардан – 33 (же 86,8%), балдардан– 10: анын ичинен эркек балдардан – 0, кыздардан – 10 (же 100,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 15;

– психологиялык жабырлануудан – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 3;

– ар кандай суроолор менен – 3;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу  – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1.

1510 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор  (тентектер), тез жардам,милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.                                                                                                                                                                     

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.                                                                                                                                      

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 14 (же 36,8%);

– Нарын облусунан – 4 (же 10,5%);

– Чуй  облусунан – 3 (же 7,9%);

– Ысык – Көл облусунан  – 3 (же 7,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 3 (же 7,9 %);

– Ош облусунан – 2 (же 5,3);

– Талас облусунан – 1 (же 2,6%); 

– Баткен облусунан – 1 (же 2,6%);

– анонимдерден  – 7 (же 18,4%).

 

Пайдалуу
Ссылкалар