«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын ноябрь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 22-ноябрьнан 1 – декабрына чейин 2152  телефондон кайрылуу (же бир суткада 239 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 48 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 16 же 33,3% жаш балдардан, ал эми 32 же 66,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 10 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

48 чалуунун  ичинен эркектерден – 11 (же 23,0%), аялдардан – 37 (же 77,0%), балдардан– 16: анын ичинен эркек балдардан – 6 (же 37,5%), кыздардан – 10 (же 62,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 11;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 9;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 5;

– БҮИТ борбору туралуу – 3;

– аялдарга үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу  – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

2104 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор  (тентектер), тез жардам,милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.                                                                                                                                                                     

 Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.                                                                                                                                                                                           

  Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 20 (же 41,7%);

– Ош шаарынан – 5 (же 10,4%);

– Ош облусунан – 3 (же 6,2%);

– Нарын облусунан  – 3 (же 6,2%);

– Чүй облусунан – 3 (же 6,2 %);

– Ысык-Көл облусунан – 1 (же 2,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 1 (же 2,1%);

– Баткен облусунан – 1 (же 2,1%);

– анонимдерден  – 11 (же 23,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар