«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын ноябрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 22-ноябрынан 1- декабрына чейин 6944 телефондон кайрылуу (же бир суткада 231 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 155 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 42 же 27,1% жаш балдардан, ал эми 113 же 72,9% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 105 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 25 абонентке психологиялык консультация берилди, 25 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

155 чалуунун  ичинен эркектерден – 35 (же 22,6%), аялдардан – 120 (же 77,4%), балдардан– 42: анын ичинен эркек балдардан – 11 (же 26,2%), кыздардан – 31 (же 73,8%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 44;

– психологиялык жабырлануудан – 24;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 18;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 15;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 14;

– аялдарга үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

– ар кандай суроолор менен – 7;

– БҮИТ борбору туралуу – 5;

– билим берүү системасы тууралуу – 5;

– медициналык камсыздоо тууралуу  – 5;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 5;

– баладарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 2 .

6789 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор  (тентектер), тез жардам,милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.                                                                                                                                                                     

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.                                                                                                     

 Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 67 (же 43,2%);

– Чүй облусунан – 18 (же 11,6%);

– Ош шаарынан – 9 (же 5,8%);

– Нарын облусунан  – 9 (же 5,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 8 (же 5,2%);

– Ош облусунан – 6 (же 3,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 2,6%);

– Баткен облусунан – 3 (же 2,0%);

– Талас облусунан – 1 (же 0,6%);

– анонимдерден  – 30 (же 19,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар