«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын декабрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1 -8 – декабрына чейин 1632  телефондон кайрылуу (же бир суткада 233 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 62 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 16 же 25,8% жаш балдардан, ал эми 46 же 74,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 48 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

62 чалуунун  ичинен эркектерден – 18 (же 29,0%), аялдардан – 44 (же 71,0%), балдардан – 16: анын ичинен эркек балдардан – 6 (же 37,5%), кыздардан – 10 (же 62,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

-балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын   мамилелери тууралуу – 14;

– социалдык жардам сурап – 13;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 10;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– аялдарга үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– ар кандай суроолор менен – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– билим берүү системасы тууралуу – 3;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– баладарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– БҮИТ борборунун иши туралуу – 1.

1570 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор  (тентектер), тез жардам,милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.                                                                                                                                                                     

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.                                                                                                                                                                                        

 Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 26 (же 42,0%);

– Чүй обулусунан– 6 (же 9,7%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 (же 8,1%).

– Нарын облусунан  – 4 (же 6,5%);

– Талас обулусунан -3 (же 4,8%)

– Ош облусунан – 3 (же 4,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 3,2%);

– Баткен обулусунан -1 (же 1,6%)

– Ош шаарынан – 1 (же 1,6%);

– анонимдер -11 (же 17,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар