«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын декабрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8-16- декабрына чейин 1772 телефондон кайрылуу (же бир суткада 253 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 63 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 16 же 25,4% жаш балдардан, ал эми 47 же 74,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 44 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 11 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

63 чалуунун ичинен эркектерден – 21 (же 33,3%), аялдардан – 42 (же 66,7%), балдардан– 16: анын ичинен эркек балдардан – 5 (же 31,3%), кыздардан – 11 (же 68,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 25;

– психологиялык жабырлануудан – 10;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 9;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр чатактар тууралуу – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана жана башка мекемелердин ишине жана кызматкерине нааразычылык билдирип – 1.

1709 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 20 (же 31,8%);

Чүй облусунан – 14 (же 22,2%); 

 Ысык-Көл облусунан – 6 (же 9,5%);

Ошской области – 4 (же 6,3%);

Ош шаарынан – 4 (же 6,3%);

Жалал-Абад облусунан – 3 (же 4,8%);

Нарын облусунан – 2 (же 3,2%);

Баткен облусунан – 1 (же 1,6%).;

анонимдерден – 9 (же 14,3 %).

Пайдалуу
Ссылкалар