Памир кыргыздарына президенттин атынан КРнын эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев материалдык жардам берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 22-декабрда КР Президенти С.Жапаровдун атынан Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памир кыргыздардын -17 үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөттү.
Базарбаевдин айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда 108 памирдик кыргыз же 22 үй-бүлө жашап жатат.
17 үй – бүлө Алай районунда, калгандары Нарын жана Чүй облустарында жайгашкан.
“Памир кыргыздарына 2017-жылы республикалык бюджеттен көчүп келген учурдан баштап, демөөрчүлөрдүн эсебинен жардам көрсөтүлүүдө. Талды-Суу айылына республикалык бюджеттин эсебинен 20,0 млн.сом бөлүнүп берилген, Президентин тапшырмасы менен памирлик-кыргыздар КРнын жарандыгына тездетилген тартипте кабыл алынды. Мамлекет башчысы ар бир үй-бүлөгө 10 кой, бир музоо жана бир жылкыны бөлүп берди. Жергиликтүү бийлик мал багуучу сарайларды куруп, жалпы суммасы 850 миң сомго тоют сатып алып, азык-түлүк жана көмүр менен камсыздайт. Алай районунда жашаган 38 балага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жөлөк пул, ал эми 2 жаранга карылыгы боюнча пенсия дайындалат. 41 бала мектепте окуп жатат”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Кудайберген Базарбаев ар бир үй-бүлөгө 160 килограммдык ун, 55 килограмм макарон, 53 килограмм кант, 12 литр өсүмдүк майын, 3 килограмм күрүч жана чайды, ошондой эле кышкы курткаларды жана балдардын бут кийимин тапшырды.
Бул иш-чарага Алай районунун жергиликтүү бийлик органдарынын жана социалдык блогунун кызматкерлеринин өкүлдөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар