«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын декабрь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1 – декабрынан 2022 – жылдын 1- январына чейин 6899  телефондон кайрылуу (же бир суткада 222 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 255 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 71 же 27,8% жаш балдардан, ал эми 188 же 72,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 188 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 35 абонентке психологиялык консультация берилди, 32 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

255 чалуунун  ичинен эркектерден – 69 (же 27,0%), аялдардан – 186 (же 73,0%), балдардан – 71: анын ичинен эркек балдардан – 18 (же 25,4%), кыздардан – 53 (же 74,6%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап  – 62;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап  – 45;

– психологиялык жабырлануудан – 32;

– балдарды тарбиялоо, анын журум- туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 31;

– билим берүү системасы боюнча  – 17;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 16;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 14;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 11;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 7;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 6;

– БҮИТ борбору туралуу – 6;                                                                                                                         

– башка суроолор менен – 5;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 3.         

6644 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор  (тентектер), тез жардам,милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.                                                                                                                                                                     

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 109 (же 42,7%);

– Чүй обулусунан – 37 (же 14,5%);

– Ош облусунан – 13 (же 5,1%);

– Жалал- Абад облусунан – 12 (же 4,7%);

– Ысык – Көл облусунан – 11 (же 4,3%)

– Ош шаарынан – 10 (же 4,0%);

– Нарын облусунан – 8 (же 3,1%);

-Талас обулусунан – 6 (же 2,3%);

– Баткен обулусунан – 5 (же 2,0%);

– анонимдер – 44 (же 17,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар