«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын январь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 – январынан                   1 – февралына чейин 6266 телефондон кайрылуу (же бир суткада 202 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 258 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 44 же 17,0% жаш балдардан, ал эми 214 же 83,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 199 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 17 абонентке психологиялык консультация берилди, 42 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

258 чалуунун  ичинен эркектерден – 75 (же 29,1%), аялдардан – 183 (же 70,9%), балдардан – 44: анын ичинен эркек балдардан – 12 (же 27,3%), кыздардан – 32 (же 72,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 77;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 40;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 30;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 23;

– психологиялык жабырлануудан – 17;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 17;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 13;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 11;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 7;

– билим берүү системасы боюнча – 7;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 7;

– ар кандай суроолор менен – 7;

– суицид туралуу – 1;

–  медециналык камсыздоо тууралуу – 1.

 6008 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 105 (же 40,7%);

– Чүй облусунан – 40 (же 15,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 19 (же 7,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 18 (же 7,0%);

 – Ош облусунан – 13 (же 5,0%);

– Баткен облусунан – 10 (же 3,9%);  

– Ош шаарынан – 8 (же 3,1%);

– Талас облусунан – 7 (же 2,7%);

– Нарын облусунан – 6 (же 2,3);

– анонимдерден – 32 (же 12,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар