Кадамжай районунда 50 аз камсыз болгон үй-бүлө бизнести өнүктүрүүгө 100 000 сомдон алышты

Баткен облусунун Кадамжай районунда 21-февралда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 000 сом суммасындагы гранттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарабаев, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Рам Сараванамутту, ошондой эле жергиликтүү активдин өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы грант алуучулардын алдында сөз сүйлөп жатып, бул долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса өлкө боюнча ишке киргизилет деп белгиледи.

«Бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда ишке кирди. Алынган гранттар сиздин ийгилигиңизге жана бакубат жашооңузга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Анда бул долбоор бүтүндөй республика боюнча ишке ашырылат. Сиздер тапшырган бизнес-пландардын арасында асыл тукум мал жана канаттууларды өстүрүү, тигүүчүлүк, ширетүүчүлүк боюнча демилгелер бар. Эң негизгиси, грант өз максатында жумшалып, бизнес-идеяңызды ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Биздин максат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жардам берүү. Мындай долбоорлор аймактарда кичи бизнести өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жакырчылыкты кыскартууга да оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз. Жергиликтүү бийлик органдары мындай үй-бүлөлөр менен тыгыз иштешип, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүсү зарыл», – деди Акылбек Жапаров.

«Социалдык контракт» – бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим, анын алкагында аяр катмардагы үй-бүлөлөр гранттык каражаттарды, ошондой эле финансылык сабаттуулукка окутууну, бизнес-план түзүүгө көмөк көрсөтүүнү, кесиптик же айыл чарбалык билим берүүнү, ийгиликтүү узак мөөнөттүү бизнес үчүн коомдук кызматтарды жана насааттарды камтыган комплекстүү колдоо пакетин алат.

Долбоор айыл чарбасы, тигүү кызматтары сыяктуу ишмердүүлүк жана башка демилгелер үчүн бизнес-идеялары, башталгыч активдери жана базалык билими бар жакырчылыктын чегинде жашаган үй чарбаларына багытталган.

Айрым учурларда социалдык контракттар жергиликтүү бизнес жана жеке ишкерлер менен өнөктөштүктө ишке ашырылат, алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн туруктуу иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүшөт.

Белгилей кетсек, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы социалдык жактан аяр категориядагы 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында инновациялык пилоттук долбоорду ишке киргизген.

Пайдалуу
Ссылкалар