Мүмкүнчүлүгү чектелген жараандарды протездик ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо 2022-жылдын 28 февралдан 4 мартка чейин

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмү жуманын ичинде 153 Кыргызстандын ДМЧАна кызмат көрсөтүштү. Биринчи жолу кайрылгандарды жана протездөөнун оор түрүн жасап берүү максатында алыскы райондордон келген 6 ДМЧА Реаблитациялоо борборуна жаткырылды.

Жуманын ичинде РПОБМде  50 жуп ортопедиялык бут кийим, 20 даана протездик-ортопедиялык буюмдары жана 22 даана корсет, бандаж, реклинатор буюмдары иштелип чыгарылган.

Электрондук сатып алуулар порталында 6 тендер жарыяланып, анын ичинен 5 тендер өткөрүлүп жана 7 келишим түзүлгөн. Кытай жана Германиялык өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында жарым фабрикаттарды жана комплекттөөчү материалдарды жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Республикалык протездик – ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлери тарабынан эмгек тартиби сактоо ар дайым каралат.

Пайдалуу
Ссылкалар