Эмгек министири Нарын облусунун тургундарын Нооруз майрамы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан куттуктады

Бүгүн, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Нарын облусунун тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктады.
Министр белгилегендей, министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук планынын алкагында республиканын жарандарынын абалын жакшыртуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.
“Жакында (февраль айында) биз Жумгал районунда социалдык келишимдин (контракттын) жаңы механизмин киргизе баштадык. Анын негизги максаты – айыл жергесинде чакан ишкерликти өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртуу, оор кырдаалдан чыгуу.
Мындан тышкары, аз камсыз болгон жөлөкпулдарды алуучулар үчүн электр энергиясына тариф төмөндөтүлдү, социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлдү.
Азыркы учурда социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселеси каралууда.
Жалпысынан, кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет кепилдеген бардык социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылып жатат.
2022-жылга Министрлик тарабынан Нарын облусунун калкына мамлекеттик жөлөкпул жана жардам көрсөтүү үчүн 1 279 148 600 сом каралган”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Ошондой эле майрамдык иш чарада Нарын шаарынын мэри – Канболот Тутуев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаардык кеңешинин спикери – Автандил Молдосалиев куттуктоо сөздөрүн элге тартуулашты.
Иш-чаралар майрамдык концерт, шаардын чыгармачыл жамааттарынын концерти, бак-дарак отургузуу, шаардын борбордук көчөсү боюнча жүрүш менен аяктады.
Пайдалуу
Ссылкалар