«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын март айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 15 – мартынан   22 – мартына чейин 2507 телефондон кайрылуу (же бир суткада 358 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 41 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 7 же 17,0% жаш балдардан, ал эми 34 же 83,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 35 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди.

41 чалуунун  ичинен эркектерден – 11 (же 26,8%), аялдардан – 30 (же 73,2%), балдардан – 7: анын ичинен эркек балдардан – 3 (же 43,0%), кыздардан – 4 (же 57,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 8;

– психологиялык жабырлануудан – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 2;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу –1;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

-суицид боюнча – 1.

– башка суроолор боюнча – 2;

2466 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 11 (же 26,8%);

– Чүй облусунан – 8 (же 19,6%);

– Ош шаарынан – 4 (же 9,8%);

– Ош облусунан – 2 (же 4,9%);

– Баткен облусунан – 2 (же 4,9%);  

– Ысык-Көл облусунан – 1 (же 2,4%);

– Талас облусунан – 1 (же 2,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 1 (же 2,4%);

– анонимдерден – 11 (же 26,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар