«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын март айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын  1 – мартынан   1 – апрелине чейин 10585 телефондон кайрылуу (же бир суткада 342 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 215 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 49 же 22,8% жаш балдардан, ал эми 166 же 77,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 166 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 21 абонентке психологиялык консультация берилди, 28 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

215 чалуунун  ичинен эркектерден – 60  (же 27,9%), аялдардан – 155 (же 72,1%), балдардан – 49 : анын ичинен эркек балдардан – 15 (же 30,6%), кыздардан – 34 (же 69,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 74;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 31

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу-22;

– психологиялык жабырлануудан – 21;

– балдарды тарбиялоо,анын жүрүм- туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 18;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 11;

– билим берүү системасы боюнча – 7;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 7;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 6;

– башка суроолор боюнча – 6;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдорүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 5;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 5;

– медицина камсыздоо тууралуу – 1;

– суицид тууралуу – 1.

10370 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 70 (же 32,5%);

– Чүй облусунан – 39 (же 18,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 20 (же 9,3%);

– Ысык-Көл облусунан – 12 (же 5,6%);

– Ош облусунан – 8 (же 3,7%);

– Талас облусунан – 7 (же 3,3%);

– Баткен облусунан – 7 (же 3,3%);

– Ош шаарынан – 6 (же 2,8%);

– Нарын облусунан – 3 (же 1,3%);  

– анонимдерден – 43 (же 20,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар