Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чуй облусунун социалдык мекемелерине барып кызматкерлер менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусу менен өткөн социалдык кызматкерлер үчүн республикалык кеңешменин жыйынтыктарын талкуулоого арналган Чүй облусунун социалдык мекемелеринде бир катар кеңешмелерди өткөрүп, анда социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн эмгек акынын 50-100% жогорулагандыгы жөнүндө айтып берди.
Облустун социалдык мекемелеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго, ошондой эле Министрликтин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле Жаныл Алыбаева өлкөнүн жетекчилиги жарыялаган айдын алкагында көчөттөрдү отургузууга катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар