Биринчи кварталда 2,200 адам жумушка орношту

Учурдагы жылдын биринчи кварталында иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо 101,7 миң адам турган, алардын ичинен расмий жумушсуз статусу бар – 76,9 миң адам болуп эсептелет.
Улутук статистика комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда экономикалык жактан активдүү калк 2 млн 595,4 миң адамды, ал эми иш менен камсыз болгон калктын саны 2 млн 445,2 миң адамды түзөт.
Биринчи кварталда республика боюнча жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын санынын 3% түздү.
Расмий жумушсуздуктун жогорку деңгээли Баткен (6,1%) жана Жалал-Абад (5%) облустарында байкалат.
Жумушсуздуктун төмөн деңгээли-Бишкек шаарында (1,3%) жана Чүй облусунда (1,6%).
Иш менен камсыз кылуу кызматына билдирилген бош жумуш орундарынын саны 4,9 миң бирдикти түздү, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылды. Бир бош жумуш ордуна 28 адам талапкер болгон.
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштуруу кызматтарына 44,5 миң адам кайрылган.
Азыркы учурда 3,4 миң адам ишке орношту, калгандарына Эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдар, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү, кесип тандоо боюнча консультациялар берилди.
1644 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча – газ электр ширетүүчү, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, тигүүчү, кеңсе менеджери, электр куроочу, айдоочу боюнча кесиптик окутууларга жөнөтүлүштү. Акы төлөнүүчү коомдук иштерге 2450 адам жиберилген. 157 жаран жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат.
Возможно, это изображение (1 человек)
Пайдалуу
Ссылкалар