Кыргыз азиздер Ассоциациясынын жана Кыргыз дүлөйлөр ассоциациясынын мүчөлөрү Эмгек министрлигинен жана Кыргыз Республикасындагы кызматташтык боюнча түрк башкармалыгынан азык-түлүк топтомун алышты

Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмед Садык Доган мырза жана түрк кызматташтык башкармалыгынын координатору Осман Уста мырза Кыргыз азиздер Ассоциациясынын жана Кыргыз дүлөйлөр ассоциациясынын мүчөлөрүнө азык-түлүк топтомдорун тапшырышты.
Ун, макарон, өсүмдүк майы, күрүч, шекер, чай жана курмаларды камтыган азык-түлүк топтомдору 110 үй-бүлөгө берилди.
Ушул күндөрү Эмгек министрлиги Түркиянын кызматташтык башкармалыгы менен биргеликте республика боюнча муктаж болгон 3000 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун сунуштап, аларга азык-түлүк топтомун берди.
Пайдалуу
Ссылкалар