«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын апрель айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1–апрелинен                   8 – апрелине чейин 1935 телефондон кайрылуу (же бир суткада 284 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 53 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 6 же 11,3% жаш балдардан, ал эми 47 же 88,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 43 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 5 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

53 чалуунун  ичинен эркектерден – 11 (же 20,8%), аялдардан – 42 (же 79,2%), балдардан – 6: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 16,7%), кыздардан – 5 (же 83,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 24;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 10;

– психологиялык жабырлануудан – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– башка суроолор боюнча – 2;

-балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 1.

1935 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 16 (же 30,2%);

– Чүй облусунан – 7 (же 13,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 (же 9,4%);

– Ош облусунан – 5 (же 9,4%);

– Баткен облусунан – 5 (же 9,4%);

– Ош шаарынан – 4 (же 7,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 1 (же 1,9%);

– анонимдерден – 9 (же 17,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар