Эмгек министирлиги Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева бүгүн, 6-майда, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери – Хатипов Ниязи Зухдини келе жаткан майрам менен куттуктап, акчалай белек тапшырды.
Жаныл Алыбаева биздин ардактуу ардагерлер жерибизге тынчтыкты, бакубат жашоону алып келгендерин баса белгилеп, 95 жаштагы Хатипов Ниязи Зухдиниге терең ыраазычылык билдирди. Ага бекем ден-соолук, узун өмүр жана алдыда кубанычтуу күндөр көп болушун каалады.
Пайдалуу
Ссылкалар