Эмгек министирлиги Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев келе жаткан 9-май майрамы менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшембаевди куттуктап, акчалай белек тапшырды.
Нурдоолот Базарбаев 98 жаштагы Туркенакун Бейшембаевге ыраазычылык билдирип, ардактуу ардагерлер биздин жерге тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү алып келгенин баса белгиледи. Ал ага ден-соолук, узак өмүр каалады.
Туркенакун Бейшембаев 1942-жылдын аягында Украина, Белоруссия, Венгрия, Молдавия, Румыния жана Чехословакиянын аймагында салгылашууга катышкан. Жаракат алгандан кийин кызматын уланткан. 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, “Жукова” медалы жана юбилейлик медалдар менен сыйланган. Жеке пенсионер. Германияны жеңгендиги үчүн аскердик сыйлыктар, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, Беларусту бошотуу, Молдавияны жана Румынияны бошотуу үчүн алган.
Пайдалуу
Ссылкалар