Эмгек министрлиги райондук башкармалыктардын башчыларына адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү боюнча тренинг уюштурду

Адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Оэйсис” коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте республика боюнча аймактык бөлүмдүн жетекчилери үчүн эки күндүк “адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү боюнча социалдык кызматкердин ролу” атуу тренингин өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтому менен Министрлик адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
Эки күндүк тренингдин алкагында жетекчилер адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо, идентификациялоо жана жардам көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик социалдык заказдын алкагында адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн шелтерлерди/борборлорду түзүү максатында социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү аныктоо боюнча билим алышты.
Кыргызстан бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялады, адамдарды сатуунун алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам актыларын кабыл алды. Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча жетишкендиктердин бири-адам сатуунун курмандыктарын кайра багыттоонун улуттук механизмин бекитүү.
Пайдалуу
Ссылкалар