Кыргызстанда аялдардын укуктарын коргоо аракетери күчөтүлөт

Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев Нью-Йорк шаарында (ушул жылдын 17-20-майында) эл аралык миграция көйгөйлөрүн кароо боюнча форумдун ишине катышуунун алкагында БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы жана БУУнун Аялдар аткаруучу директорунун орун басары Аса Регнер айым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда Н.Базарбаев Кыргыз Республикасынын БУУ-Аялдар менен кызматташуу маселелерин талкуулады. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча иши, ошондой эле социалдык камсыздоо жана татыктуу эмгек чөйрөсүндө иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымдады. Кыргызстандын тоолуу аймактарында аялдар менен балдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун аягында Н.Базарбаев “БУУ-Аялдар” түзүмүнө гендердик теңчиликти жана мамлекеттик кызматты өнүктүрүү чөйрөсүндө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана мындан ары да жемиштүү кызматташууну улантууга үмүт артарын билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар