«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын май айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 15– 22 – майына чейин 2522 телефондон кайрылуу (же бир суткада 360 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 68 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 23 же 33,8% жаш балдардан, ал эми 45 же 66,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 49 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

68 чалуунун ичинен эркектерден – 17 (же 25,0%), аялдардан – 51 (же 75,0%), балдардан – 23: анын ичинен эркек балдардан – 6 (же 26,0%), кыздардан – 17 (же 74,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 23;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– психологиялык жабырлануудан – 7;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 4; 

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 3;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 2;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– башка суроолор менен – 2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1.

2454 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу, бирдик жүктөө боюнча, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 13 (же 19,1%);

– Чүй облусунан – 13 (же 19,1%);

– Жалал- Абад облусунан – 7 (же 10,3%);

– Ош облусунан – 6 (же 8,8%);

– Нарын облусунан – 5 (же 7,4%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 4,4%);

– Баткен облусунан – 3 (же 4,4 %);  

– Ош шаарынан – 2 (же 3,0%);

– анонимдерден – 16 (же 23,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар