Долбоордун 100 миң сомдон алган катышуучулары жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык контракт боюнча долбоордун пилоттук долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин талкуулоо боюнча семинар-кеңешме учурунда билдирди.
“Жумгал жана Кадамжай райондорунда 100 миң сом грант алган үй-бүлөлөр бүгүнкү күндө бул каражаттарды өз ишин уюштуруу үчүн колдонуп, мыкты натыйжаларды көрсөтүүдө.
Пилоттук долбоорлорду ишке ашырган 100 үй – бүлөнүн 57% мал чарбачылыгы жана сүт өндүрүү, 19% соода, тез тамак – аш жана кондитердик азыктарды өндүрүү, 14% Курулуш жана оңдоо иштери, 10% тигүү буюмдарын өндүрүү менен алектенишкен.
Ошол эле учурда бул тажрыйба бүткүл республикага жайылтылса, туура жана туура болот”, – деди министр.
Пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын алкагында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылат.
Долбоорлордун негизги максаты турмуштук оор кырдаалда турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана социалдык контракттын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү тартибин аныктоо болуп саналат.
Иш-чарага Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле БУУ Азык Түлүк Программасынын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Кожиро Накай жана уюмдун өкүлдөрү катышты.
Мониторингдин алдын ала жыйынтыктары боюнча үй-бүлөлөрдүн 64% оң натыйжаларга жана кирешелерге ээ.
Иш-чарада ошондой эле пилоттук долбоорлорду ишке ашыруудан алынган сабактар жана өлкөнүн бардык башка райондоруна жана шаарларына социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүнү андан ары кеңейтүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору талкууланды.
Пайдалуу
Ссылкалар