Бишкекте кыргызстандыктарды Москва шаарында жумушка орноштуруу үчүн миграциялык борбор ачуу пландалууда

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр”форумунда билдирди.
“Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн негизги эмгек рыногу бойдон калууда. Ар кандай маалыматтар боюнча, 700 миңден ашуун жаран Россияда эмгек миграциясында. Эмгек министрлигинин алдындагы чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Россия Федерациясынын ишканаларына жарандарды жумушка орноштуруу боюнча 20дан ашык макулдашууларга ээ.
Ушул жылдын март айында Москванын аймагында жарандарды уюшкандыкта ишке орноштуруу үчүн Москва шаарынын “көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик бюджеттик мекемеси менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.
Макулдашуунун алкагында Бишкек шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын “миграциялык борбор” миграциялык борборун ачуу мүмкүнчүлүгү каралган”, – деди министр.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, “көп функционалдуу Миграциялык борбордун” өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын аймагына киргенге чейин жарандарга дактилоскопия, медициналык күбөлөндүрүү сыяктуу зарыл процедуралардан эрте өтүүгө көмөк көрсөтөт.
Өкүлчүлүктү ачуу маселеси үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларына пландаштырылган “миграциялык борбор” мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигинин Кыргыз Республикасына белгиленген иш сапарынын жүрүшүндө каралат.
Возможно, это изображение 9 человек, люди сидят и люди стоят
Пайдалуу
Ссылкалар