Кудайберген Базарбаев: кыргызстандыктарды Финляндияда жана Болгарияда мыйзамдуу ишке орноштуруу пландалууда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” форумунда чыгып сүйлөп жатып, чет өлкөдө ишке орношуунун кайсы багыттары боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтып берди.
“Учурда Финляндияда кыска мөөнөттүү Айыл чарба жумуштарына жарандарды жумушка орноштуруу боюнча келишимдерди түзүү иштери жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын жарандары арасында абдан популярдуу болуп саналган Болгария Республикасынын жана башка бир катар өлкөлөрдүн иш берүүчүлөрү менен макулдашуулар иштеп чыгуу стадиясында турат. Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги менен келишимге кол коюу пландаштырылган”, – деди ал.
Министрдин айтымында, министрликтин линиясы боюнча ишке орношуудан тышкары, кыргызстандыктар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин кызматынан пайдалана алышат.
“Азыркы учурда республикада иш менен камсыз кылуунун 117 жеке агенттиги өз ишин жүргүзүп жатат. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүнө жарандарды жумушка орноштурушат. 5-жылдын 2022 айында 6 миңден ашык жаран жумушка орношкон. Кыргыз Республикасынын жарандары арасында Россия, Түркия, Корея эң популярдуу болуп саналат”, – деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.
2022-06-09