Кудайберген Базарбаев Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баткен облусу боюнча иш сапарынын алкагында Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды.
Министр социалдык мекемени текшерип, тамак-аштын сапатын жаңы, жогорку ченемдерге ылайыктуулугун текшерип, Камкорчулар менен маектешти.
“Ушул жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Президентини жарлыгына жараша бардык 16 социалдык камсыздоо интернаттарында тамак-ашка акы төлөө 100% га жогорулады. Бул 2 миңден ашуун адамдын – улгайган жарандардын, чоңдордун жана майып балдардын жашоосун жакшыртты”, – деди министр.
Иш сапардын жүрүшүндө ведомствонун башчысы социалдык камсыздоо тутумунун кызматкерлери жана иш менен камсыз кылуу кызматтары менен жумушчу кеңешмелерди өткөрдү.
Системанын алдына коюлган негизги милдеттер – жакырчылыкты жоюу боюнча активдүү чараларды, анын ичинде социалдык контракт аркылуу ишке киргизүү.
“Биз чакан бизнес ачуу үчүн аз камсыз болгон жарандарга 100 миң сомдон берип жатабыз. Кадамжай жана Жумгал райондорунда оң натыйжалар бар”, – деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.
2022-06-10