Кореялык компаниялар Кыргызстандан жумушчуларды тартууга кызыкдар

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аида Исмаилованын Корея Республикасынын ишке орноштуруу жана Эмгек министрлигинин өкүлү жана Корея Республикасынын иш берүүчүлөрү менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборунун (ЧӨИОБ) директору Кубандык Акматбековдун, ЧӨИОБунун адиси Н.ж.Ашимбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы миграция маселелери боюнча кеңешинин катчылыгынын эксперти А.Н. Жапаровдун
жана өлкөнүн ВИНРОК инт координатору катышуусу менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына ишке орноштуруунун өнүгүү перспективаларын талкуулашты.
Ошону менен бирге, ЧӨИОБунун директору К.Акматбеков катышуучуларды чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштуруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызматкерлеринин кайрылуусу жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасы жөнүндө маалыматтык материалдар берилди.
Бул жылы Корея Республикасында 321 жаран учуп кетип, иштеп жатат. 12-июлга чартердик рейс пландаштырылган, учурда Корея Республикасына кошумча 150 жаранды жөнөтүүгө даярдык көрүлүүдө. Ошентип, 6 айдын ичинде 450дөн ашык жаран жөнөтүлөт.
Жумушчу визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын убактылуу айыл чарба иштерине тартуу максатында Корея Республикасынын райондорунун администрацияларынын жетекчилери менен жолугушууларды уюштуруу пландалууда.
Корея Республикасына Айыл чарба иштерине 62 жарандын биринчи жөнөтүүсү үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда Бишкек-Инчхон чартердик рейси тарабынан уюштурулган.
Бул иш сапар Корея Республикасынын жумуш берүүчүлөрүнүн Кыргыз Республикасынын жарандарын өз ишканаларына тартуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ЮСАИдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.
Пайдалуу
Ссылкалар